Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:58

Батыров сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылды


Жалал-Абаддагы өзбек улуттук-маданий борбордун мурдагы башчысы Кадыржан Батыровго карата сыртынан жүргүзүлгөн сот жараяны бүгүн жыйынтыкталды. Жалал-Абад шаардык сотунун өкүмү менен Батыров жана Ином Абдурасулов күнөөлүү делинип, өмүр бою эркинен ажыратылышты. Алардын мүлкү мамлекеттин пайдасына чегерилип, өзүлөрү жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөшөт. Күнөөлүү деп табылган Абдурахман Абдуллаев менен Халилжан Худайбердиев 20 жылга эркинен ажыратылышты. Алардын да мүлкү мамлекетке чегерилет. Жавлон Мирзаходжаевдин мүлкү да мамлекетке чегерилип, 14 жылга эркинен ажыратылды. Махаматрасул Абакжанов шарттуу түрдө эркинен 3 жылга ажырады. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев маалымдады.

Бул адамдардын баары былтыркы июнь окуяларын уюуштурган жана козуткандыгы үчүн күнөөлүү аталышты. Бирок бирөө да сот жараянына катышкан жок. Себеби баары Кыргызстандан чыгып кетишкен, эл аралык издөөдө жүрүшөт. Адвокаттары соттун өкүмүнө макул эместигин айтышты. Облустук сотко апелляциялык арыз менен кайрылмай болушту.

Батыров күнөөсү жок экенин интернеттеги интервьюларында билдирип келет.

2010-жылдын июнь айында Ош менен Жалал-Абаддагы кыргыз-өзбек коогалаңында 400дөн ашык адам набыт болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG