Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:27

Президент шайлоо алдында элге кайрылды


Президент Роза Отунбаева кайрылуусунда 30-октябрда өтө турган шайлоо – Кыргызстан эли үчүн тагдыр чечүүчү мааниге ээ экенин белгилеген. Мамлекет башчысы Кыргызстанда алгачкы жолу президенттик шайлоо бийлик башында турган адамдын катышуусуз өтүп жатканын белгилеп, бул шайлоодон кийин мамлекет жаңы Баш мыйзам менен өнүгүүнүн стабилдүү жолуна түшөт деген ишеничин билдирген.

Ошондой эле мамлекет башчы кыргызстандык шайлоочуларга кайрылып, келечекке кайдыгер болбой, татыктуу адамга добуш берүүгө чакырган.
Кыргызстандын жаңы президентин шайлоо 30-октябрь күнү саат сегизде башталат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG