Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Чек ара кызматынын билдиришинче, кытай тараптын өтүнүчү менен Курман айтка байланыштуу кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. Ага ылайык, 7-9-ноябрь күндөрү “Торугарт” жана “Эркеч-Там” бекеттеринен өтүүгө болбойт. (EBM)