Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:56

Бишкекте жаңыланган мектеп кайрадан пайдаланууга берилди


Бүгүн Бишкекте № 33 орто мектептин капиталдык ремонттон өтүп, кайрадан пайдаланууга берилишине арналган салтанаттуу жыйын болуп өттү. Ага шаардын мэри Иса Өмүркулов катышканын мэриянын маалымат кызматы билдирет. Өткөн кылымдын 40-жылдарында курулган мектеп авариялык абалга келип калган. Бул окуу жылы башталганы анда сабактар өтө элек болчу. 350 окуучуга эсептелген мектепте соңку жылдары 600дөн ашык бала окуп жаткан. Шаар бийлиги оңдоо иштерине 65 миллион сом бөлүп берген.

Бишкекте 93 муниципалдык мектеп бар. Аларда эмгектенген мугалимдердин саны - 5 400. 373 мугалим - жаш адистердин катарына кирет. (RK)

XS
SM
MD
LG