Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:46

Иран МАГАТЭ менен кызматташтыкты кайра карайт


Иран парламенти өкмөткө МАГАТЭ менен кызматташтыкты кайра кароону тапшырганын Ирандын мамлекеттик телеси кабарлады. Парламент төрагасы Али Ларижанинин айтканына караганда, МАГАТЭнин соңку баяндамасы Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик менен кызматташтыкты тезинен кайра кароо зарылдыгын көргөздү.

МАГАТЭнин өткөн бейшембиде жарыяланган баяндамасында

Иран “өзөктүк жардыруучу түзүлүштү өнүктүрүүгө тиешеси бар” сыноолорду өткөргөндүгү айтылган.

Иран парламентинин төрагасы белгилегендей, МАГАТЭ АКШнын жана анын өнөктөштөрүнүн саясий аспабы болуп калды, андыктан аны менен кызматташтык олуттуу түрдө кайра каралуусу керек.

Маалыматтарга караганда, Иран парламентинде МАГАТЭ менен кызматташтыктын деңгээли канчалык төмөндөтүлөрүн аныктоо үчүн атайын комитет түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG