Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:54

Кувейттик демонстранттар парламентке чабуул жасады


16-ноябрда шам ченде Кувейт парламентине ондогон демонстрант кирип барып, улуттук гимнди ырдаган соң чыгып кетишти. Имарат сыртына чогулган жүздөгөн адам премьер-министрдин кызматтан кетүүсүн талап кылышты.

Өкмөт башчы Шейх Насер ал-Мухаммед ас-Сабах өлкөнү башкаруучу үй-бүлөнүн мүчөсү. Аны айрым оппозициячыл парламентарийлер жемсөөлүк кылды деп күнөөлөшкөн. Күбөлөрдүн айтымында, премьер-министр ас-Сабахка каршы жүрүштү болтурбоо үчүн демонстранттарды желим таяктар менен сабашкан. Кувейтти ас-Сабахтардын бүлөсү башкарат. Бирок парламент Перс булуңундагы эң кубаттуу жана көз карандысыз деп эсептелет.

XS
SM
MD
LG