Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:21

Ошто 24-мартты майрам бойдон калтырууну талап кылышууда


«24-март Элдик майрам катары белгилениши шарт. Аны бийликтегилер өз алдынча жоюп салууга укуктары жок». Мындай талаптарын «Март Элдик революциясы» коомдук бирикмесинин ар кайсы аймактан келген өкүлдөрү бүгүн Ошто өткөн маалымат жыйында билдиришти. Алардын айтымында, өткөн жумада Жогорку Кеңештин чечими менен 24-март майрам катары белгиленбейт деген чечим кабыл алынган.

«Эгер биздин талап аткарылбаса, митингге чыгабыз. Анткени 24-марттагы революция 90 миң адамдын көтөрүлүшү менен ишке ашкан. Ал Элдин майрамы – Бакиевдики эмес»,- деди аталган бирикменин өкүлү Абдылда Кутпидинов.

Бирок коомдук бирикменин мүчөлөрү 24-март боюнча жаңы чечимди тастыктаган документти көрсөтө алышкан жок.

"Азаттыкка" Жогорку Кеңештен кабарлашкандай, мындай чечим азырынча расмий кабыл алынган жок. Демилге катарында гана комитеттердин биринде айтылууда.

Өткөн аптада Жогорку Кеңеш 7-апрелди эскерүү датасы катары жыл сайын белгилөө чечимин кабыл алып, мыйзам долбоорун президентке жөнөткөн. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG