Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:37

Египетте парламенттик шайлоо уланууда


Бүгүн Египетте парламенттик шайлоонун экинчи айлампасынын экинчи күнү. Бул өлкөнү 30 жыл башкарган Хосни Мубарак февралда элдин кысымы астында президенттиктен кеткенден берки биринчи демократиялуу шайлоо. Азыр талапкерлер парламенттеги 51 орун үчүн таймашууда. Египет парламентинде бардыгы 498 депутат бар. Парламенттин төмөнкү палатасы - Элдик жыйын үчүн шайлоо январда аяктайт. Өткөн аптада болгон шайлоонун биринчи туру "Мусулман агайиндер" кыймылы түзгөн партияны көпчүлүк эл колдогонун көрсөттү. Экинчи орунда эскичил салафилердин партиясы.

XS
SM
MD
LG