Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:06

Жоокерлер качкан аскердик бөлүктү жоюу сунушу айтылууда


Коргоо министрлигинин 15 аскер качып кеткен 41069-аскердик бөлүгүн жоюу тууралуу маселе талкууланып жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Коргоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Качып, кайра кайткан 15 аскер ушу тапта башка аскердик бөлүктө кызматын улантып жатат. Калгандары бөлүктүн штабында кызмат кылышууда. Бөлүктүн командачылыгы кызматынан убактылуу бошотулду.

8-декабрда Бишкек гарнизонунун 41069-аскер бөлүгүндөгү 31 аскердин 15и качып кеткен. Алардын баары быйыл апрелде чакырылгандар. Командачылыктын ыдык көрсөтүүсүнө чыдабай качканын айтып, алар Аскер прокуратурасына кайрылышкан. Коргоо министрлиги качкан аскерлерди күнөөлөп, алар күзүндө чакырылган жаш аскерлерге ыдык көрсөткөнү үчүн жазалоодон коркуп качып кетишкенин айткан.

Апрелде чакырылган аскерлердин ата-энелери алардын балдары командачылыктан кордук көргөнүн айткан. Ал эми сентябрда чакырылгандардын ата-энелери алардын балдарына күн көрсөтпөй жатышкан экен деп 15 аскерди күнөөлөөдө. (RK)

XS
SM
MD
LG