Билим берүү жана илим министри Канат Садыков Кыргызстандын жогорку окуу жайларындагы билим алуунун акысын азайтуу тууралуу буйрук чыгарды. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, буга бир катар окуу жайлардын студенттеринин кайрылуусу себеп болду. Буйрукка ылайык, окуу жай ректорлоруна окуу акысын азайтып, ушул жылдын 26-декабрына чейин күндүзгү бөлүмдө окуган студенттер менен жеке келишим түзүү, студенттердин укуктарын сактоо ташырмасы берилди.
13-декабрда Бишкектеги эки окуу жайдын айрым студенттери окуу акысынын жогорулаганына нааразылык билдирип чыгышкан. Студенттер Ак үйдөн Билим берүү жана илим министрлигине чейин жөө жүрүш уюштурушкан. Кыргызстанда 50дөн ашык жогорку окуу жай бар. Алардын 32си мамлекеттик болуп саналат. (KKs)