Охот деңизинде орустардын мунай бургулоочу кемеси кырсыкка учурап, 4 киши мерт кетти. Борттогу 49 кишинин дайыны беймаалым, 14 киши куткарылды. Издөө иштери күүгүм киргенде токтотулуп, эртең уланмай болду. Платформа Сахалинге жакын жерде аңтарылып кетип, чөккөн. Анда 67 киши бар болчу. Тергөөчүлөрдүн версиясына караганда, катуу шамал маалындагы коопсуздук эрежелери бузулган.