Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:31

Каирдин Тахрир аянтында тынчтык өкүм сүрүүдө


Кечээ түндө Египет аскерлери менен демонстранттар ортосунда болгон кагылышууда бери дегенде эки адам өлгөн. Өкмөттүк “ал-Ахрам” гезитинин күбөлөргө шилтеп жазышынча, бүгүн таң азанда армия жана коопсуздук күчтөрү Тахрир аянтына чогулган демонстранттарды таркатууга аракет кылганда кайрадан уруш чыккан. Жума күнү башталган тирешүүлөрдөн бери бардыгы 12 киши курман болуп, жүздөгөн адамдар жараат алганы маалымдалууда. БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун демонстранттарга каршы жосунсуз күч колдонулганын айыптады. АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон Каирдеги калабаларга терең тынчсызданганын билдирип, демонстранттардын укуктарын бузгандарга каршы чара көрүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG