Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:28

Маевкада окуучулар мушташа кетти


Чүйдүн Маевка айылында мектеп окуучуларынын ортосунда мушташ чыкты. Бул тууралуу "Азаттыкка" атын атагысы келбеген айым, ошол айылдын тургуну кабарлады. Анын айтымында, 26-декабрда мектепте өткөн Жаңы жылдык дискотекада лезгинка музыкасы үчүн талаш чыгып, эки окуучу мушташып кеткен. "Кыргыз бала лезгинканы койбогула деп чыгыптыр. Бирок бул кимдир бирөө тарабынан атайылап уюштурулган гана чатак окшойт", - деди ал.

Мектептин директору Клара Джиенбаева мушташкан балдар кыргыз жана орус улутундагылар экенин тастыктады. Бирок чоң жаңжал чыкпаганын, ошол эле замат экөө тең кайра элдешкенин айтты.

Маевка айылынын эли көп улуттуу. Мектепте эле кыргыз, өзбек, орус, азербайжан, уйгур, татар, түрк, грузин, ингуш, белорус, болгар, чечен, сыган, күрд, немис, корей жана казак улутундагы балдар окушат.

Былтыр апрель айында Маевканын тургундары менен үлүш жерлерди басып алгандардын ортосунда чатак чыгып, бир киши мерт болгон.(RK)

XS
SM
MD
LG