Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:13

Обама Беларуска каршы санкцияны күчөткөн мыйзамга кол койду


АКШнын президенти Барак Обама Конгресс тарабынан кабыл алынган “Беларустагы демократия жана адам укуктары жөнүндөгү актыга” кол койду. Документ 2010-жылдын декабрындагы президенттик шайлоодон кийин оппозицияга репрессиясын күчөткөн президент Александр Лукашенконун режимине каршы жазаналарды катаалдантат. Беларус бийликтерине каршы киргизүлчү аракеттердин катарында, маселен, Эл аралык хоккей федерациясына 2014-жылы дүйнөлүк хоккей чемпионатын Минскиде өткөрүүдөн баш тартууга айтылган чакырык да бар.

XS
SM
MD
LG