Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

Июн коогасынан кийин Ошто психикалык сыркоолор көбөйдү


Июнь коогасынан кийин Ошто психикалык ооруга чалдыккандар көбөйдү. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош облустук психикалык ооруканасынын жетекчиси Абдырахман Өмүрзаков билдирди. Дарыгердин айтымында, 2010-жылдагы улуттар аралык касташуудан соң психикалык оорулардын ар кандай түрлөрү менен бейтапканага келгендерди саны өскөн.

«Коогалаңдан улам психикалык дарыланууга муктаж болгондордун арасында абалы өтө оорлор жок, жеңил дарыланууга муктаждар арбын. Биздин оорукана 170 кишиге ылайыкташкан. Коогадан соң 190дой бейтапты кабыл алууга туура келди. Бөлмөлөр толо болгондуктан, айласыздан эс алчу бөлмөлөргө керебет коюп жаткырдык»,- дейт Өмүрзаков.

Ушул тапта аталган ооруканада 168 киши дарыланып жатат. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG