Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:24

Казак оппозициясы бийликти "саясий куугунтук" үчүн айыптады


Казакстан оппозициясы бүгүн өлкө жетекчилигине кайрылып, саясий куугунтукту токтотууга үндөдү. Кечээ Алматы шаарында коопсуздук кызматы катталбаган “Алга” партиясынын кеңсесин тинтип, партиянын лидери Владимир Козлов жана “Взгляд” деген эркин гезиттин башкы редактору Игорь Винявский кармалышкан.

Расмий маалыматтарга караганда, тинтүү 16-декабарда Жаңы-Өзөндө болгон кандуу окуяларды иликтөө иштерине байланыштуу жүргүзүлгөн. Жалпы улуттук демократиялык партиянын 30дан ашуун мүчөсү кол койгон билдирүүдө бийлик “Алга” партиясын Жаңы-Өзөн трагедиясы үчүн айыптоого аракеттенүүдө, элге чындыкты айтууга умтулган оппозицияны куугунтуктоодо деп белгиленет.

XS
SM
MD
LG