Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

Медведев Путинден кийин президент болуу ниетин бышыктады


Москвадагы Мамлекеттик университетте журналистика факультетиндеги жолугушууда Орусиянын президенти Дмитрий Медведев мындай деди:

- Мен эч качан кайра шайлоого катышпайм деп айткан эмесмин. Өзүңөр билгендей мен араң 46га чыктым. Келечекте эч кандай саясий күрөшкө катышпайм деп ант берүүгө али жашмын.

Мунун алдында Владимир Путин "Орусияда эч качан диктатура болбойт" деп сөз берген. Премьер-министр Томскидеги Политехникалык университеттеги сөзүндө бүгүн интернеттеги өзүнө карата сын-пикирлерге түшүнүү менен мамиле кылаарын белгилеп, "мындай талкуу абдан жакшы көрүнүш" деди.

Эки мөөнөт президент болгондон кийин өкмөт башына келген Владимир Путин март айында президенттик шайлоого кайра катышканы жатат. Декабрдагы талаштуу парламенттик шайлоодон кийин Орусияда Путинге каршы сын маанай күч алган.

XS
SM
MD
LG