Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:37

Оштогу кумарканалардын мурдагы кызматкерлери шаардык бийликке жумуш сурап кайрылышты


Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришти. Маалыматка ылайык, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кумарканалардын жабылышы менен 1000ден ашуун киши жумушсуз калган.  Жумуш сурап кайрылгандар менен вице-мэр Дастан Ходжаев сүйлөшүп, бул маселе боюнча Эмгек биржасына кайрылуу керектигин айтты. Ош шаарында буга чейин эки ири – “Ташрабат” жана “Гранд” кумарканалары болгон. Мыйзамга ылайык, 1-январдан тарта Кыргызстанда кумарканалардын ишмердүүлүгү токтотулган. (SE/RK)

 

XS
SM
MD
LG