Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:40

Ачкачылык жарыяланган абактарда өзгөчө тартип киргизилип, "башчылары" өзүнчө камалышы мүмкүн


Буга уруксат алуу үчүн Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Юстиция, Ички иштер министрликтерине жана Баш прокуратурага кайрылды. Эгер өзгөчө режим киргизилсе, ачка олтурууга мажбурлап жаткан "башчылары" башка камераларга которулат. Ал жакта телевизор жок, уюлдук телефонго тыюу салынган. Мындай маалымат Жаза аткаруу кызматынын пресс-катчылыгынан алынды. 17-январдан бери Кыргызстандын дээрлик баардык абактарында ачкачылык жарыялагандардын саны 6 миңдин тегерегинде. Алардын миңден ашууну ооздорун төөнөп, тамак ичүүдөн баш тартышууда. Негизги талабы - Бишкектеги №1 тергөө абагында "башчылар" жаткан камералардын эшигин жаппай, алардын ээн-эркин басып жүрүүсүнө шарт түзүү экени айтылууда. 16-январда Жаза аткаруу кызматы №1 абакта тинтүү жүргүзүп, "өзгөчө" камераларды тазалап, "башкаруучулардын" бирин башка абакка алып чыгып кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG