Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:28

ЖК комитеттеринде абактардагы абал талкууланат


Бүгүн Жогорку Кеңештин беш комитетинде Кыргызстандын түрмөлөрүндө соңку мезгилдеги кырдаал талкууга алынат. Парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жыйында Жаза аткаруу кызматынын ишин иликтөөгө алган депутаттык комиссия өз корутундусун тааныштырат. 18-ноябрда түзүлгөн бул комиссиянын толук корутундусу 1-февралдагы Жогорку Кеңештин жалпы талкуусуна коюлат.

Кыргызстандын абактарында өткөн жылы бир нече ачкачылык акциясы болгон. Январдын экинчи жарымында Бишкектеги биринчи тергөө абагында тополоң чыгып, анын аягы он чакты түрмөдөгү ачкачылык менен уланган. Өткөн аптанын башында түрмөдөгүлөр ооздорун төөнөгөнгө өтүп, жума акырында ачкачылык толугу менен токтотулган. (KKs)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG