Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:36

Сирияда өкмөттүк армиянын чабуулдары күч алууда


Активисттер бүгүн Хомс шаарындагы салгылашта бери дегенде сегиз карапайым киши, 15 аскер набыт болгонун кабарлады. Анын аралыгында, Дамасктын чет жакасындагы тоолуу шаарларда армиянын аскерден качкан куралчандар менен салгылашуулары уланууда.

Анын аралыгында Орусия Сирия боюнча БУУнун резолюциясын четке какты. Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин вето коюуга укуктуу мүчөсү болгон Орусия Сириядагы Араб лигасы сунуш эткен резолюциянын долбоору чет элдик кийлигишүүгө жол ачышы мүмкүн деп сынга алууда.

Долбоордо Сириянын президенти Башар ал-Асаддан бийлигин тапшыруу талап кылынат. БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун бүгүн Сирия боюнча чукул аракеттер керек экендигин эскертти.:

XS
SM
MD
LG