Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:36

Орусиянын санитардык дарыгери митингчилерге кеңеш берди


Орусиянын башкы санитардык дарыгери Геннадий Онищенко ишембиде оппозициянын нааразылык акциясына катышам деген москвалыктарга жылуу кийинип баруу кеңешин берди. Интерфакска курган маегинде Онищенко демонстранттар саясий көз карашына карабай ичи тери бут кийим, жылуу тон кийип, ысык чай ден температурасынын төмөндөшүнө алып келээрин унутпашы керек деген кеңештери менен бөлүштү. Москвада бир нече күндөн бери катуу суук болуп, 4-февралда абанын температурасы 18 градуска чейин ылдыйлайт деп күтүлүүдө. Ал күнү Москва жана бир катар шаарларда “Адилет шайлоо үчүн” деген акциялар өтмөкчү. Декабрдагы парламенттик шайлоодон кийин Орусияда нааразылыктын толкуну уланып келатат. 4-мартта президенттик шайлоо болот.

XS
SM
MD
LG