Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:59

Түрмөчүлөрдүн өз бейтапканасы болот


Кыргызстандын Жаза аткаруу кызматында иштегендерди тейлеген өзүнчө бейтапкана ачылат. Аталган мекеменин маалымат кызматынан "Азаттыкка" кабарлашкандай, буга чейин алар Ички иштер министрлигинин бейтапканасына кайрылышчу. Бейтапкананы Жаза атакаруу кызматынын имаратынын бир жак капталына ачуу пландаштырылууда. Азыр ал жерде атайын прокуратура жайгашкан. Ал эми дарыгерлер учурда абактарды тейлеген медицина кызматкерлерден топтолот. Медициналык тейлөөдө жумуш шартынын өзгөчөлүктөрү эске алынбагандыктан соңку жылдары түрмөчүлөрдүн жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн арасында ар кандай оорулар көбөйгөнү айтылууда. Кургак учук боюнча көрсөткүчтөр да жогорулай баштады. (RK)

XS
SM
MD
LG