Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:31

Чүйдө өрт кырсыгында бир адам каза тапты


Чүй облусунун Чүй районундагы Садовое айылында жайгашкан №85 үйдө өрт чыгып, 1985-жылы туулган Туратали Абдырасулов деген киши каза тапты. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. Кырсык кечээ түштөн кийин болгон. Себеп - тиричилик электр буюмдарын колдонууда өрт коопсуздугу боюнча эреженин сакталбашы. Өткөн айда Кыргызстанда 11 адамдын өмүрүн кыйган 318 өрт кырсыгы катталган болчу. Кечээ да Бишкекте тамеки тартуудагы этиятсыздыктан Айни көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде өрт чыгып, бир киши өлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG