Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:17

Путин Орусия калкынын санын көбөйтүүнү убада кылды


Премьер-министр жана президенттикке талапкер Владимир Путин шайлоо алдындагы программалык макалаларынын кезектегисин бүгүн “Комсомольская Правда” гезитинде жарыялап, калктын саны кыскаруусун токтотууну убада кылды.

Путиндин айтымында, үч балалуу үй-бүлөлөр мамлекеттен кошумча 7000 рубль (234 доллар) жөлөк пул алуусу керек. Калктын санын көбөйтүүнүн экинчи аргасы – миграциялык саясатты туура жүргүзүү. Ал үчүн миграциялык агым жылына 300 миңдин тегерегинде, көбүнесе алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн Орусияга келгиси келген мекендештерди тартуунун эсебинен болуусу абзел.

Орус өкмөт башчысынын пикиринде, мындай кадамдар алдыдагы жарым кылымда Орусия калкынын санын азыркы 143 миллиондон дагы 10 миллионго көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Айрым эскперттердин болжолунда, Орусия калкы 2050-жылга карата 107 миллионго түшүп калуусу мүмкүн.

Путин макаласында орусиялыктарды өз саламаттыгына жакшыраак көңүл бурууга да чакырды. Ал 4-марттагы шайлоодо Кремлге кайра келүүнү көздөөдө. (UE)

XS
SM
MD
LG