Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:06

Сокулуктун акими арыз жазып кызматынан кетти


Чүйдүн Сокулук районуна өткөн аптада аким болуп шайланган Мукаш Осмонкулов берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду. Мындай буйрукка бүгүн премьер-министр Өмүрбек Бабанов кол койду.

6-февралда Сокулукта аким шайлоо болгон. Жергиликтүү депутаттар бул кызматка райондук кеңештин төрагасы Мукаш Осмонкуловду шайлашкан. Бирок ошол эле күнү райондо нааразылык акция башталып, митингчилер Осмонкуловго акимдикти бербейбиз деп, буга чейинки аким Элкинбек Ашырбековдун калышын талап кылышкан.

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү” мыйзамга ылайык, Сокулук акиминин милдетин аткаруучу болуп Казымбек Кубатов дайындалды. (RK)

XS
SM
MD
LG