Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:06

Иликтөө жазган журналисттерди колдоо уюму ачылды


Эл аралык SCOOP уюму Кыргызстанда өз өкүлчүлүгүн ачты. Бул уюм Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш Европа аймагындагы өлкөлөрдөгү журналисттик иликтөөлөргө жардам көрсөтөт. Кыргызстанда ачылган өкүлчүлүк Борбор Азия аймагындагы өлкөлөрдү тейлейт. SCOOPтун Кыргызстандагы улуттук координатору Асыл Осмоналиеванын айтымында, журналисттер иликтөө жүргүзгүсү келген темаларды аныктап кайрылса, тиешелүү каражат бөлүнүп берилет. Бирок иликтене турган тема социалдык жактан маанилүү болушу шарт. (RK)

XS
SM
MD
LG