Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:43

CPJ Кыргызстандагы сөз эркиндигин абалына баа берди


Журналисттерди Коргоо комитетинин жаңы отчетунда Кыргызстанда айрым жылыштар айтылып, бирок өзбек улутундагы журналисттердин соттолгону белгиленет.

«2011-жылдагы басма сөзгө кол салуу» деп аталган жылдык отчетунде Нью-Йоркто жайгашкан уюм Кыргызстандын парламенти былтыр жалаа жабууну кылмыш тизмесинен алып салганын, бирок сын пикирлер жарыяланган fergana.ru сайтына блок коюга буйрук бергенин жазды.

Мындан тышкары, октябрдагы президенттик шайлоодо парламент чет элдик маалымат каражаттарынын программаларынан талапкерлерге сын айтылган бөлүмдөрүн алып салууга өкүм кылды. Жогорку Сот укук Коргоочу журналист Азимжан Аскаровдун өмүрүн аягына чейинки түрмө мөөнөтү боюнча сот чечимине каршы берген аппеляциялык арызын четке какты.

Журналисттерди коргоо комитети өз отчетунда Жалал-Абаттагы сотто өзбек тилдүү эки сыналгы каналынын кожоюндары сыртынан кесилгенин эскертет.

Комитеттин эсебинде, былтыр дүйнөдө 46 журналист киши колдуу болду же коркунучтуу окуяларды чагылдырып жаткан жеринен каза тапты. Жети журналист өлтүрүлгөн Пакистан бул кесиптин ээлери үчүн эң коркунучтуу өлкө болуп калды. 15 журналист былтыр Араб жазындагы реформаны талап кылган демоснтрациялардын мезгилинде өмүрүнөн айрылды. Аз дегенде 179 журналист камакка алынды. Бул 1990-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч.

XS
SM
MD
LG