Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:26

Курандын өрттөлүшүнө каршы нааразылык акцияда 7 адам мерт болду


Кабулдагы нааразылык акциясы. 22-февраль, 2012-жыл.
Кабулдагы нааразылык акциясы. 22-февраль, 2012-жыл.
Соңку такталган маалыматтарды шаршембиде кечке жуук Ооганстандын Ички иштер министрлиги таратты. Маалыматка караганда, Кабул, Жалалабад шаарларында жана Логар провинциясында жаалданган демонстранттардын топтору бүгүн чет элдик аскерий базаларга, өкмөттүк мекемелерге, полицияга чабуул жасоого умтулганда коопсуздук күчтөр аткан октон бирден адам мерт кеткен.

Булардан тышкары төрт адам Панвар провинциясындагы демонстрация учурунда набыт болду. Бул провинциянын Баграм аба базасына жакын жайгашкан Шинвар районунда нааразылык акциясы экинчи күн катар болду.

Курандын нускалары өрттөлгөн факт ушул Баграм аба базасында катталган. Ак үй жана АКШнын аскерий жетекчилери окуя үчүн оогандардан кечирим сурады. Алар бул атайлап жасалган иш эместигин, жаңылыштык болгонун баса белгилешти.

АКШнын Кабулдагы элчилиги коопсуздук жүйөсүнөн улам бүгүн дипломаттарына сыртка чыкпоону буйруган. (UE)

XS
SM
MD
LG