Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:02

Казакстанда оппозиция активисттери жазаланды


Алматыдагы митинг. 25-февраль, 2012-жыл.
Алматыдагы митинг. 25-февраль, 2012-жыл.
Казак сотунун оппозиция активисттерин жазалоо боюнча соңку чечимдери
“Макул эместер күнү” деп аталган кечээги демонстрацияны коштой чыкты.

Өлкөнүн түштүк борбору Алматыда бир миңдей адам жыйналган кечээги
митингде саясий эркиндиктерди кеңейтүү, ошондой эле президент “Назарбаев кетсин!” деген чакырыктар да айтылды.

Полиция демонстранттарды Алматынын башкы Республика аянтына киргизген жок, алар нааразылык чарасын жол боюнда өткөрүштү.

Ал эми оппозициячыл маанайдагы “Азат” жалпы улуттук социал-демократтар партиясынын кечээ жуп митингдин алдында кармалган лидерлери Болат Абилов менен Амиржан Косановду сот кайрадан он беш суткага абакка кести.

Казак сотунун кечээги чечимдери менен оппозициянын дагы эки өкүлү: журналисттер Ермурад Бапи жана Бактыгүл Макимбай элүү минималдык айлык акы өлчөмүндө айыпка жыгылды.

Казак оппозициясы “Макул эместер күнү” казакстандыктарды бүткүл өлкө боюнча нааразылык акциясына чыгып, ай башында камалган оппозиция өкүлдөрү бошотулушун, адилет шайлоону, эркин жана бейтарап сотту, сөз эркиндигин талап кылууга чакырган. (UE)

XS
SM
MD
LG