Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:02

АКШ: Түндүк Корея өзөктүк ишмердигин токтотууга көндү


Түндүк Кореянын Йонбен өзөктүк жайы.
Түндүк Кореянын Йонбен өзөктүк жайы.
АКШнын бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, Түндүк Корея уран байытууну токтотууга жана узак аралыкка учуучу ракеталарын сыноого мораторий киргизүүгө макул болду.

Мамлекеттик департаменттин бама сөз катчысы Виктория Нуланд белгилегендей, Пхеньян ошондой эле уран байытуу жана Йонбен өзөктүк реакторунун иши токтотулганын ырастоосу үчүн өлкөгө МАГАТЭнин эксперттери келишине көндү.

АКШнын бүгүнкү билдирүүсүндө тамак-аш тартыш Түндүк Кореяга 240 миң тонна азык-түлүк жардамын көрсөтүү боюнча макулдашууну аягына чыгаруу үчүн эки тараптын расмий өкүлдөрү алдыда жолугары айтылган. Вашингтондун бүгүнкү жарыясы алдында, ушул айда эки өлкөнүн чабармандары Кытайдын борбору Бээжинде кездешкен болчу. (UE)

XS
SM
MD
LG