Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:12

Кыргызстанды кимдин карааны аралап жүрөт?


Кыргызстанда башка өлкөлөрдүн атайын кызматтары иштеп жатканын президент Алмазбек Атамбаев жергиликтүү каналдарга курган маегинде белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев 29-февралда жергиликтүү телеканалдарга маек куруп, Кыргызстанда башка өлкөлөрдүн атайын кызматтары иштеп жатканын, кырдаалды курчутуш үчүн акча тараткан маалыматтар бар экенин айткан. Бирок кайсы өлкөлөр экенин так белгилеген эмес.

- Президенттин башына кашык менен марш ойногон убакыт артта калыш керек. Биз көз карандысыз мамлекетпиз. Кыргызстандын ичинде атайын кызматтын өкүлдөрү өздөрүн кожоюн сезип, акча таратып жүргөнүн мен билем. Шайлоодо болобу же башкадабы... Биз буга чекит коюшубуз керек. Эгер ашыкча акчаңыздар болсо, анда бизге грант бөлгүлө, бирок кимдир бирөөлөрдүн жардамы менен кырдаалды курчутуш үчүн эмес. Айрыкча улуттук лозунгдар менен чыккандарга. Ушул жөнүндө сөз болуп атат. Биз кадимкидей эле суверендүү өлкөбүз.

Мамлекет башчынын бул интервьюсуна байланыштуу Кремлдин жогорку даражалуу өкүлүнүн жообун Орусиянын РИА Новости маалымат агенттиги 1-мартта жазып чыкты. Орусия президентинин администрациясынын аты аталбаган өкүлү Атамбаевге “достор, кошуналар жана өнөктөштөр арасынан душман издегенден көрө, жакырчылыктан чыгуу жолдорун ойлонууну” сунуштаган.

Ал ортодо жергиликтүү эксперттер мамлекет башчынын айткандарын түрдүүчү талдашууда. Саясат таануучу, мурдагы чекист жана июнь окуясын иликтеген Улуттук комиссиянын мүчөсү Орозбек Молдалиев президенттин айткандарын жөндүү деп эсептейт. Ал 2010-жылдагы улут аралык коогалаңдын келип чыгуу себептерин иликтеген учурда башка өлкөнүн атайын кызматтарынын айрым бир аракеттери байкалганын белгилөөдө.

- Мындай маселелерди президенттер аябай чегине жеткенде гана ачыкка чыгарышат. Болбосо атайын кызматтар аркылуу эле маалыматтарды алып турат. Ачыкка чыкканы - биз билебиз, эми токтоткула деген сөз. СНБдан Пацула деген полковник кармалган, Орусияга тыңчылык кылып бергенин мойнуна алган. Аны менен бирге 3-4 адам кармалган. Андан башка дагы кандай факт керек? Айтылбай жаткан канчасы бар экенин биз билбейбиз да. Бир жылы Кытайдын, Американын, Орусиянын тыңчылары кармалган. Булардын максаты – биздин аймакты дестабилдештириш керек. Андан кийин ЖККУ бул аймакка жооптуу деп, бул жакта өз ишин жасайт. Мисалы, түндүк-түштүк деген сөздү негизинен эл чыгарган жок. Аны маалымат агенттиктер, гезиттер жана атайын эксперттер баары бир схема менен жасалып атат.

Атайын кызматтын жана Коргоо министрлигинин кызматкерлери Валерий Пацула менен бирге дагы үч адам 2008-жылы жайында Орусиянын пайдасына тыңчылык кылды деген шек менен кармалган.

Июнь коогасы маалында бир нече ирээт башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү кармалганы алгач айтылып, бирок кийин бийлик тарабынан тастыкталбай, ачыкталбай калган.

Июнь коогасы маалында Улуттук коопсуздук комитетинин орун басары болуп Жалал-Абадда жүргөн, кийин баш прокурорлук кызматты аркалаган Кубатбек Байболов Кыргызстанга атайын кызматтарын киргизүүгө кызыкдар мамлекет деле жок деп эсептейт.

- Кыргызстанды эч кандай атайын кызматы жок эле көзөмөлдөсө болот. Күйүүчү майыбыз жок, жумуш орундары жок. Миңдеген адамдар Казакстан менен Орусияда жүрөт. Ошондуктан атайын кызмат аркылуу эмес, жөн гана экономикалык рычагдар аркылуу деле көзөмөлдөсө болот. Кошуна өлкөлөр Кыргызстандын башаламандыгына эмес, стабилдүүлүк болушуна көбүрөөк кызыкдар.

Кыргызстанда башка өлкөлөрдүн атайын кызматтары иштеп жатканын эксперттер мурда деле айтып келишкен. Эми буга чекит коюуну президент белгилеп атат. Мурдагы коргоо министри, депутат Исмаил Исаков башка өлкөлөрдүн атайын кызматтары Кыргызстанда көп экенин моюнга алат. Бирок ал кырдаалды курчутууга акча тараткан фактыларды кездештирбептир.

- Президенттин бул сөзү дүжүр сөз болуп калган. Биз да эки бийликке каршы жүргөнбүз, бирок бири да акча бергенин уккан да, көргөн да жокмун. Биз Акаевге каршы чыкканда алар “атайын кызматтар, Америка акча берип атат”, - деп айтып жүрүшкөн. Кийин Атамбаев менен биргелешип Бакиевге каршы чыктык. Ошондо Бакиевдер да ушунтип айткан. Бирок ошондо бир дагы атайын кызмат акча берген эмес. Эгер Атамбаев билсе, конкреттүү түрдө кайсы мамлекеттин кызматтары, кимге акча бергенин айтыш керек эле.

Ал ортодо Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов Кыргызстанда кимдин кызыкчылыгы болсо ошонун баары жүрөт деп эсептейт. Ал эми коопсуздукту алдын алуу үчүн Кыргызстандын атайын кызматын күчтүү болууга чакырат.

- Бул жерде кимдердин кызыкчылыгы болсо ошонун баары иштеп атат. Эң биринчи Орусиянын, Американын, анан албетте Өзбекстандын, Казакстандын кызыкчылыктары бар. Булардын кызматкерлери бул жерде толук бойдон иштеп атат. Тереңирээк анализдеп көргөндө оркоюп эле көрүнүп калат.

Жакында өлкө президенти Атамбаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кезектеги жыйынына катышып, аталган уюмдун жетекчилеринин бири президенттик шайлоодо талапкерлердин бирине колдоо көрсөткөнүн айткан. Муну ошол кезде маалымат агенттиктери жазып чыккан болчу.

XS
SM
MD
LG