Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:42

Хомста өлтүрүлгөн 2 журналисттин сөөгү дипломаттарга берилди


Сирияда жүргөн дипломаттарга Хомстагы атышууда набыт болгон америкалык журналист Мэри Колвин менен француз кабарчы Реми Ошликтин сөөгү Дамаскидеги ооруканалардын биринде берилди.

Набыт болгон эки журналисттин сөөктөрүн Сириянын Кызыл чырым уюумунун кызматкерлери Сирияда АКШнын кызыкчылыгын коргогон Франция менен Польшанын дипломаттарына тапшырды.

Мэри Колвин менен Реми Ошлик 22-февралда Хомс шаарынын Баба-Амр районунда ок атышууда өлтүрүлгөн. Хомс - президент Асаддын режимине каршы чыккан оппозциянын борборуна айланды. Эл аралык Кызыл крест уюмунун кызматкерлери жума күнү Хомска гуманитардык жардам киргизип, бирок Баба-Амр районуна жеткире алышкан жок. Бийлик коопсуздукка шылтап, бул районго кирүүгө укурсат бербей жатат.

XS
SM
MD
LG