Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июнь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:41

Электр энергиясынын баасын бычууга парламент да катышат


Кыргызстанда электр энергиясына тарифтерди Жогорку Кеңештин макулдугу менен бекитүү сунушталууда. Мындай мыйзам долбоор кечээ парламенттин жыйынында каралып, 3-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Парламенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, мыйзам долбоорунун демилгечилери электр баасынын өкмөт тарабынан аныкталышы калкка терс таасирин тийгизиши мүмкүндүгүн белгилешип, мындай маселе парламентте талкуулоо зарылдыгын айтышууда.

2009-жылы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушундагы өкмөт электр энергиясынын баасын көтөргөн. Бул жагдай калктын катуу нааразылыгын жараткан. (KKs)

XS
SM
MD
LG