Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:47

ИИМ: митингге чыккан кызматкерлер жазаланат


15-февралда УКМК имаратынын алдына митингге чыккан МАИ кызматкерлери жазаланат. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, бул окуя боюнча атайын тергөөнүн жыйынтыгында Бишкек шаардык жол көзөмөлдөө кызматынын башчысы Ыманалы Саркулов баштаган 4 кызматкери иштен бошотулуп, ички иштер органдарынын катарынан чыгарылды.

Ошондой эле 54 кызматкер жумушунан төмөндөтүлүп, башка кызматтарга которулса, дагы 50 кызматкер ар кандай эскертүүлөрдү алышты. Министрлик өкүлдөрү мындай жазаны митингге чыккан МАИчилердин ИИМ кызматкери нааразылык акцияларына катышуусун чектеген мыйзамды бузганы жана өз кызматын таштап кеткени менен негиздеп жатышат.

Жол коопсуздугу бшкармалыгынын кызматкерлери УКМКнын тергөө абагында белгисиз жагдайда каза тапкан МАИ кызматкери Айбек Эшбаевдин өлүмүн адилет иликтөөнү талап кылып, 15-февралда митингге чыгышкан эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG