Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:26

Венесуэлада кылмыштын оор түрүлөрү кескин өстү


Каракас полициясынын жаңы отчетуна ылайык, Венесуэлада адам өлтүрүү жана адам уурдоо учурлары кескин көбөйдү. Өткөн жылы адам өлтүрүүнүн 19 миң фактысы катталган. Башкача айтканда, 100 миң жашоочуга 67 кылмыш туура келет. Баш калаа Каракаста бул көрсөткүч мындан да жогору. Киши колдуу болуп өлгөн адамдардын 93 проценти 15-24 жаштагы уландар. Былтыр өлкөдө 1 миңден көп кишини уурдап кетишкен. Доклад президент Уго Чавестин Кубадагы дарылануудан кайтып келишинин алдында жарыяланды. Октябрда Венесуэлада президенттик шайлоо өтөт. Чавес жогорку кызматка кайрадан шайланууну көздөөдө.

XS
SM
MD
LG