Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:02

Алай: Бороондуу жолдо калгандарга жардам таратылууда


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Оштун Алай районундагы Ош – Сары-Таш – Эркеч-Там унаа жолунда бороондун айынан чыга албай жаткан жүргүнчүлөргө жардам жеткирип таратып жатышат. Бул тууралуу ӨКМ маалымат катчысы Абдишарип Бекилов "Азаттыкка" билдирди. Министр Кубатбек Бороновдун буйругу менен гуманитардын жардам катары 250 банка консерва эт, 300 нан, 250 литр суу, 250 куту тамеки жана 100 куту ширеңке жөнөтүлгөн. Аталган унаа жолдун 218-238-чакырымдары 18-марттан бери бороондун айынан убактылуу жабык турат. (RK)

XS
SM
MD
LG