Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:42

Францияда киши аткан кылмышкер кармала элек


Франциялык маалымат каражаттарына таянып, "Евроньюс" каналы Тулуз шаарындагы үйдө жашынган киши кармалды деп кабарлады. Бирок ички иштер министри Клод Геаң бул маалыматты четке какты.

Шектүү кылмышкер мурдараак бүгүн кечке чейин багынаарын айткан эле. 3 аскерди, үч жаш баланы жана бир раббини аткан 24 жаштагы, түпкүлүгү алжирдик Франциянын жараны "ал-Каида" менен байланышта экендиги айтылууда.

Франциянын президенти Николя Саркози бүгүн Парижде журналисттерге мындай деди:

- Мен азыр эле жөөт жана мусулман жамааттарынын өкүлдөрү менен жолуктум. Мен аларга бардык маалыматты берүүгө сөз бердим. Аларды терроризм биздин коомдун ынтымагына шек келтире албай тургандыгын чогуу көргөзөлү деп үндөдүм.

XS
SM
MD
LG