Ушу тапта Бишкектин чыгыш тарабында 10 киловольттуу 40 трансформатордук көмөкчордон чыңалуусуз турат. "Түндүкэлектр" ишканасынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, мындай жагдай “Кыргызстандын улуттук электр тармактар” ишканасынын карамагындагы жогорку вольттогу 110/35-10 кВ “Лермонтова” көмөкчордонунун электр жабдыктары бузулганына байланыштуу түзүлүүдө. Азыркы учурда Бакай-Ата конушунда, Чоң Чүй каналынын жол боюндагы Будённый көчөсүнөн тартып Элебесов көчөсүнө чейин электр жарыгы жок. (RK)