Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:35

Франциянын Тулуз шаарындагы тиреш уланууда


Француз полициясы Тулузда бул аймактагы теракттар үчүн шектелген адамды тирүү колго түшүрүү аракетин көрүүдө.

Жети адамдын өмүрүн кыйган Мухаммед Мера кирип алган үй азыр полициянын атайын күчтөрүнүн курчоосунда турат. Аны кармоо боюнча алгачкы аракет ийгиликсиз аяктагандан бери 24 сааттан ашык убакыт өттү.

Француз бийликтеринин ишениминде, жакшы куралданып алган Мера адгенде колго түшүп берүүгө макул болгон, бирок кийинчерээк бул оюнан кайткандай.

Жергиликтүү убакыт боюнча түн ортосунда Мера жашынган батир жайгашкан үйдүн жанында эки жарылуунун үнү угулган.

Француз полициясынын өкүлү муну Мухаммед Мераны багынууга мажбурлоо үчүн жасалган аракет деп мүнөздөдү.

Ушул дүйшөмбүдө Тулуз аймагында жөөт мектептин үч окуучусу, бир мугалими, андан мурдараак Франциянын теги француз эмес үч аскери ок жеген.

Прокурорлордун айтымында, теги боюнча алжирлик, 24 жаштагы Мухаммед Мера бул кылмыштарды жасаганын моюнга алууда.

Ал жөөт балдарды палестиналык балдардын өлүмү, аскерлерди француз армиясынын Ооганстандагы аракеттери үчүн өч алуу максатында өлтүргөнүн билдирген. (UE)

XS
SM
MD
LG