Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:28

Бишкек - Ош унаа жолу толук ачылды


Бишкек – Ош унаа жолу 26-мартта эртең мененки саат сегизде толугу бойдон ачылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов билдирди. Бирок кар көчкү түшүү коркунучу дагы эле сакталууда экени, тоо этектериндеги карды артиллериялык курал менен атайылап атып көчүрүү иштери улана берээри айтылууда.

Тоолуу аймактарда кар көчкүдөн үч күндүн ичинде, 17-20-мартта тогуз адамдын өмүрү кыйылып, 20-мартта Бишкек – Ош унаа жолу толук жабылган болчу. Бирок 24-мартта саат 12:00дө Бишкек – Ош унаа жолунун 246-чакырымында турган 164 оор жүк ташуучу унаа жол коопсуздугун көзөмөлдөөчү милиционерлерге баш ийбей “Сосновка” постунан Ош тарапты көздөй өтүп кетишкен. (RK)

XS
SM
MD
LG