Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:39

Кыргызстандагы белорус элчилигине каршы пикет өтөт


Бүгүн Бишкекте, Беларустун Кыргызстандагы элчилигинин алдында пикет өтөт. Анын уюштуруучусу - жарандык активист, "7-апрел" кыймылынын жетекчиси Өндүрүш Токтонасыров.

"Азаттыкка" билдиргенине караганда, ал 15-марттан бери ошол жерде "Бакиевди бергиле же өзүңөр кеткиле!" деген жазуу менен чыгып жаткан болчу.

"Эми менин акциям ультиматум түрүндө болот - элчилик Кыргызстандын аймагынан чыгып кетсин. Беларус Курманбек Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп бермейинче апрел окуясы боюнча күнөөлүүлөр жоопко тартылбайт, бул маселе чечилбейт", - дейт Токтонасыров.

2010-жылдын 7-апрелинде Бишкекте бийликтин саясатына нааразылардын акциясы учурунда токсондой кишиге ок атылган. Өлкөнү жетектеп турган Курманбек Бакиев ошол күнү качып кетүүгө мажбур болгон. Учурда ал Беларуста жашайт деген маалымат бар. Курманбек Бакиев апрел окуясы боюнча сыртынан соттолууда. Бирок ал күнөөсү жоктугун, кандын төгүлүшүнө убактылуу өкмөт жооптуу экенин айтып келет. 2010-жылдын күзүндө башталган бул сот жараяны түрдүү себептерден улам аягына чыга элек. (RK)

XS
SM
MD
LG