Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:03

28-мартка карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү
27-29-мартта жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат. Кар күрткүсү болот жана жолдордо муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жолго чыккан унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо керек.

Аба ырайы
28-мартта Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу жерлерде жана тоо этектеринде жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден айрым жерлерде 14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 18...23,
Талас облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 14...19,
Баткенде түнкүсүн 3...8, күндүз 15..20 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3...8, күндүз 17...22,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0...-5 градус, күндүз 8...13
Нарында түнкүсүн -2...-7, күндүз 4..9,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -12..-17, күндүз 0...-5,
Тоолордо түнкүсүн -11...-16, ал эми күндүз 0..-5 болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 4...6 градус жылуу, күндүз 20...22 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG