Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:56

Кордук көргөн аялдар баш калкалаган кризистик борбор жардам сурады


Оштогу Ак-Жүрөк кризистик борбору коомчулукка, эл аралык уюмдарга, мамлекетке кайрылып жардам сурады. Борбордун директору Дарийкан Асилбекованын айтымында, бул жерге күйөөсүнөн кордук көргөн аялдар балдары менен келип жашап жатышат. Көбү билимсиз. Алардын күнүмдүк тамак-ашын камсыз кылууга, кийинтүүгө жардам жана кийин өз алдынча оокат кылып кетүүгө шарт түзүү үчүн компьютерде иштеп, кийим тиккенди үйрөтүүгө техникалык көмөк талап кылынууда.

Ак-Жүрөк борбору 2002-жылы ачылган. Он жыл ичинде 8 769 аял жана 24 балага психологиялык, юридикалык жана социалдык жардам көрсөтүлдү. 2010-жылдын июн окуясында бул борбор көптөгөн аялдарга жардам бере алды. (RK)

XS
SM
MD
LG