Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:36

Бин Ладендин аялдары жана кыздары камака алынды


Бүгүн Пакистан соту “Аль-Каиданын” мурдагы лидери Усама Бин Ладендин үч жесир аялын жана эки кызын өлкөдө мыйзамсыз болгону үчүн 45 күнгө камоо чечимин чыгарды. Бул тууралуу соттолгондордун адвокаттары журналисттерге маалымдады. Сот ошондой эле жаза мөөнөтү бүткөндөн кийин аларды Пакистандан чыгарып салуу боюнча бийликти милдеттендирди.

Усама Бин Ладен мындан бир жыл мурун Америкалык атайын даярдыктагы аскерлердин операциясы аркылуу Пакистанда өлтүрүлгөн. Ал үй-бүлөсү менен Исламабаддын четинде бир нече жыл жашыруун жашаганы аныкталган.

XS
SM
MD
LG