Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:00

АКШ: Митт Ромни дагы үч штаттагы праймеризде жеңди


Митт Ромни
Митт Ромни
Висконсинде, Мэрилендде жана Вашингтондо (Колумбия округу) шейшембиде Республикалык партиянын атынан президенттик шайлоодо талапкер катары көрсөтүлүш үчүн укук алуу шайлоосундо же праймеризде Митт Ромни жеңди. Массачусетс штатынын мурдагы губернатору азыр алдын ала шайлоолордогу таймашта лидер бойдон калууда.

Анын башкы атаандашы Рик Санториум да, башка эки талапкер Ньют Гингрич менен Рон Пол мындан ары да күрөштү уланта беришээрин билдиришти. Республикалык партиянын талапкери быйыл ноябрда АКШдагы президенттик шайлоодо демократтардын талапкери Барак Обама менен президенттик кызмат үчүн ат салышат.

XS
SM
MD
LG