Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:04

Ташкен Дүйшөмбүнүн айыптоосуна жооп берди


Тажикстандын Өзбекстан өлкөнү экономикалык камоого алды деген айыптоосун ырасмий Ташкен четке какты. Шейшемби күнү Тажикстандын Москвадагы элчилиги Өзбекстанды “Дүйшөмбүнү Ташкенге ыңгайлуу чечимдерди кабыл алдыруу үчүн” электр жана газ берүүнү токтотуп, авто жана темир жолдорду жабууда деп күнөөлөгөн. Тажик тарап электр энергияны кесип, жолдорду бууган өлкөнү гуманитардык кризиске түртөрүн да эскерткен. Буга берген жообунда Өзбекстандын премьер-министри Шавкат Мирзаев Тажикстанга отун энергиясын берүү токтотулуп, транспорт каттамдары жабылганын тастыктап, анын баары техникалык себептерден улам болуп жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG