Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:07

Ага Хан IV Тажикстанда кечээ президент Эмомали Рахмон менен сүйлөштү


Канзаада Карим Ага Хан (солдо) тажик президенти Эмомали Рахмон менен былтыркы жолугушуусунда, Хатлон региону, 1-ноябрь, 2011
Канзаада Карим Ага Хан (солдо) тажик президенти Эмомали Рахмон менен былтыркы жолугушуусунда, Хатлон региону, 1-ноябрь, 2011
Канзаада Карим Ага Хандын бир күндүк сапары тууралуу алдын ала кабарланган эмес болчу. Анын сапары Тажикстан өзүнүн кошунасы Өзбекстан тараптан экономикалык басымга кабылып турган учурга туш келип жатат. Өзбек тарап Тажикстанга электр энергиясын, жаратылыш газын берүүнү токтотуп, расмий Дүйшөмбү Казакстанга чыгуу үчүн транзиттик жол катары колдонгон авто жана темир жолдорду жаап салган.

Аналитиктер Ага Хандын визити Рахмон саясий жана экономикалык жактан такыр эле обочодо калбаганын көрсөтүш максатын көздөйт деп болжошот.

Шейшембиде Тажикстандын Москвадагы элчилиги “расмий Ташкен өзүнө ыңгайлуу шарт-эрежелерди кабыл алдыртыш үчүн Дүйшөмбүгө кысым жасап жатат” деп айыптаган. Бирок Өзбекстан бул айыпты четке кагып, транспорттук линиялардын кесилишин “техникалык себептер” менен түшүндүргөн.

XS
SM
MD
LG