Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:47

Бишкекте кыргыз-орус кызматташтыгы талкууланды


Кечээ кечинде Бишкекке кыргыз тараптын чакыруусу менен келген Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров бүгүн Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен, андан кийин тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен кезикти.

Атамбаев менен жолугушууда Лавров кыргыз-орус кызматташтыгы стратегиялык мааниге ээ экенин айтты.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин жетекчиси Казакбаев Лавров менен жолугушуусунда "бул ирет Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы саясый-экономикалык, аскердик, маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүү боюнча конкреттүү чаралар көрүлөөрүн, аймактагы коопсуздукту камсыз кылуу багытында да иштер жасалаарын" айтты. (KE/RK)

XS
SM
MD
LG