Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:03

Сирияда элдешүү бузулуп жаткандыгы кабарланууда


Акыркы күндөрү күч алган салгылаштар басаңдап, Сирияда бүгүн салыштырмалуу тынчтык өкүм сүрдү. Бирок активисттердин айтымында, Сириянын президенти Башар ал-Асаддын өкмөттүк аскерлери бир нече жерде ок ачып, үч кишинин канына забын болду. Борбордук Алеппо шаарында алыстан башкарылган бомба жарылганда армиянын бир офицери набыт болуп, 24 офицер, кадет жараат алды.

Сириянын башкы саясий оппозициялык тобу болгон Улуттук Кеңештин маалымат катчысы Басма Кодмани Женевада журналисттердин суроолоруна жооп берди:

- Бүгүн эртең менен калк отурукташкан аймактарда оор техника кала берип жатты. Калк отурукташкан аймактарда жана борборлордо көзгө атаарлар жайгаштырылды. Көзөмөлдөп өткөрүү бекеттеринин саны болуп көрбөгөндөй көбөйтүлүп, ал бекеттерде катуу куралданган аскерлер коюлду.

Бириккен улуттар уюмунун арачылыгы менен жетишилген убактылуу элдешүү келишими бүгүн таң заарынан күчүнө кирген. Өкмөттүк күчтөр бирок макулдашылгандай аскер турактарына кайтарылган жок.

XS
SM
MD
LG